Бишкек, 12.10.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Италиянын Кыргызмтандагы элчиси Антонелло Де Риунун ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын октябрында Италияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарына, ошондой эле 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында өткөн биринчи "Борбор Азия – Италия" саммитинин алкагында Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Дж.Мелони менен жолугушуусунун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле алар эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн жогорку деңгээлдеги сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.