Абакиров Бельгия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды — Кабар

Абакиров Бельгия элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 13 октябрь 2025 15:40
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Бельгиянын Кыргызстандагы элчиси Эрик Де Майердин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бельгия кызматташтыгынын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты жандандырууга өз ара кызыгуусун билдиришти.

Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.