Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Күн мурун Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленди.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Руслан Мукамбетов, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн өздүк курамы жана ардагерлери, ошондой эле чакырылган коноктор катышып, мекеменин түзүлүү тарыхы, калыптануу жолу жана бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле анда Руслан Мукамбетов менен Абадан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы Талантбек Талипов өздүк курамды жана ардагерлерди мааракелик дата менен куттуктады.
Андан сырткары, мааракеде өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана ардагерлерге министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
Салтанаттуу жыйын ведомствонун Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.