Аба ырайы: Өлкөнүн төрт облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 18 июль 2025 18:00
Аба ырайы: Өлкөнүн төрт облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 19-20-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.