Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тейлөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 17-19-январда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.
Буга байланыштуу Бишкек - Ош, Бишкек - Нарын - Торугарт, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолдорунда, ошондой эле Боом капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө жана башка тоолуу тилкелерде кышкы тейлөө иштери күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү тынымсыз уюштурулуп жатат.
"Кыш мезгилиндеги жол шарттарын эске алуу менен унааларыңызды алдын ала даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз, - деп айтылат маалыматта.