Аба ырайына байланыштуу "Ош" эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Аймак
Аба ырайына байланыштуу "Ош" эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу "Ош" эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учактардын конуусуна бүгүн саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Белгилей кетсек, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.