Аба ырайы: Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 25 июнь 2025 13:38
Аба ырайы: Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 26-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга төмөнкүлөрдү эскертет:

  • сел коопсуздук эрежелерин сактоо;
  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү жана таштанды таштабоону;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоону;
  • үй же сарай салууда жана эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууну;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүүнү.