Ташкент, 13.11.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстанга микрофинансылык секторду чыңдоо жана микро, чакан жана орто ишканаларды (МЧОИ) колдоо боюнча 300 млн доллар бөлдү. Анын 100 млн доллары жеңилдетилген шартта берилет. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат МЧОИни, өзгөчө аялдар жетектеген ишкердикти колдоого, алардын каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталат. Ошондой эле микрокредиттердин максималдуу көлөмүн көбөйтүү жана микрофинансылоо чөйрөсүндөгү нормативдик актыларды жаңылоо пландалууда.
Программада кардарлардын укуктарын коргоону күчөтүү жана гендердик теңдикти илгерилетүү боюнча бир катар жаңы чаралар каралган. Анын ичинде жоопкерчиликтүү насыялоо принциптерин жаңыртуу, «азыр ал — кийин төлө» түрүндөгү каржылык кызматтарды жөнгө салуу жана санариптик көзөмөлдү күчөтүү катышат.
Ошондой эле финансылык сектордо гендердик квоталарды киргизүү жана жынысы боюнча деталдуу отчеттуулук жүргүзүү талап кылынат.
Өзбекстан АӨБге 1995-жылы мүчө болгон. Ошондон бери өлкө 14,6 млрд доллар өлчөмүндө насыя, грант жана техникалык жардам алган.