Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун толугу менен колдойт. Бул тууралуу банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву билдирди.
Анын айтымында, банк 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантат. Анын ичинен алгачкы 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт катары каралат.

"Биз Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду толук колдойбуз. Бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана коңшу Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттеринин суу коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди Чжэн Ву.
Чжэн Ву кошумчалагандай, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы банк тарабынан каржыланган долбоорлордун жалпы портфели 1 млрд доллардан ашат.
"Биз Кыргызстанда региондук хаб катары өнүгүү үчүн чоң потенциал бар экенин көрүп жатабыз. Бул инвестиция үчүн абдан маанилүү", - деп белгиледи Чжэн Ву.