Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Шайлоо реформасы сапаттуу парламент түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аалы Карашев президенттин парламенттик шайлоо тууралуу кайрылуусу боюнча комментарий берип жатып билдирди.
Эске сала кетсек, президент депутаттардын өзүн-өзү таркатуусунан кийин Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун 2025-жылдын 30-ноябрына дайындаган.
“Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып, жаңы шайлоо системасы жөнүндө кеңири түшүндүрүп берди. Мурда депутаттар бир мандаттуу округдар жана партиялык тизме аркылуу шайланып, натыйжада парламентке кээде туш келди адамдар, башкача айтканда “акчасына таянгандар” келип калчу. Эми мындай болбойт”,-деди Карашев.
Ал ошондой эле президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын кызматкерлерин, айыл өкмөттөрүн шайлоо жараянына кийлигишпөөсүн катуу эскерткенин, эл өз тандоосун өзү жасаш керек экенин белгиледи.
"Мамлекет башчысы шайлоолор ачык-айкын өтүшү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи: санариптештирүү киргизилди – бардык жерде электрондук-автоматташтырылган добуш берүү жүргүзүлөт. Мурун бюллетендер алдын ала басылып, ташылып келсе, эми мындайга жол берилбестен бардыгы электрондук форматта болот. Шайлоо бүткөндөн кийин дароо добуштар саналып, жыйынтыгы маалымдалат. Эгер кимдир бирөө күмөн санаса, кол менен да санап чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Президент компьютердеги маалыматтар сөзсүз кол менен эсептеген жыйынтыкка дал келет деп ишенет", – деди эксперт.
Экс-депутат ошондой эле жаңы шайлоо системасына ылайык, гендердик саясатка көңүл бурулганын белгиледи.
"Ар бир үчүнчү квота айымдардыкы болот. Мындай тажрыйба КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу колдонулууда. Эл татыктуу адамдарды шайлап, жыйынтыктарына ишенүүсү үчүн менимче бул элдин ишенимин кайтарууга багытталган. Анткени, акыркы 30 жылда үч жолу революция болуп, негизги себеби – шайлоонун адилетсиз өтүшү, админресурс колдонулушу, добуш сатып алуулардын орун алгандыгы", – деди ал.
Эксперт белгилегендей, жогорудагы чаралардын бардыгы сапаттуу парламент түзүүгө багытталган. "Эми президенттин кайрылуусун ар бир кыргызстандыкка жеткирүү милдети турат. Бир добуш – бир гана талапкерге. Мен парламентке жаңы адамдар келерине толук ишенем", – деп кошумчалады ал.