9-июлда Бишкектин басымдуу бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат

Коом Загрузка... 07 Июль 2026 18:45
1783426807_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. 9-июлда саат 09:00дөн түнкү 10-июлга караган түнү саат 03:00гө чейин (18 саатка) Бишкек шаарынын көп бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:

  • "Чыгыш-5" кичи району;
  • Алма-Ата көчөсү, Абдрахманов көчөсү;
  • Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки аймак;
  • Чоң Чүй Каналы (ЧЧК), Бакай-Ата көчөсү, Луганская, Лермонтов, Ж. Баатыр көчөлөрү;
  • "Мадина" базары;
  • Лебединовка айылы – Киров көчөсү боюнча Чоң Чүй каналынан дан Калинин көчөсүнө чейин.
740366004_889893054164230_6412683984026165234_n

"Бишкексууканал" ишканасынан билдиришкендей, суунун өчүрүлүшү диаметри 500 мм болгон шаардык эки суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.