9 гектар аянт, 1500 соода орду: Оштогу "Келечек" базары ишке кирүү алдында

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2026 09:50
IMG_1261.jpeg

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы жаңы курулуп жаткан “Келечек” базарынын аймагына асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, базардын Б. Осмонов көчөсү тарабындагы унаа токтоочу жайга асфальт төшөө иштери 2 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Базар жалпы 9 гектар аянтты ээлейт. 2025-жылдын 25-августунда башталган курулуштун бүгүнкү күндө кийим-кече сатуу үчүн 1300 соода орду даяр. Мөмө-жемиш базарында 200 соода орду курулуп бүттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев базардын курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышкан. Калаа башчысы соодагерлердин сунуш-талаптарын угуп, базарды көчүрүү иштери белгиленген мөөнөттө жана так тартипте ишке ашарын белгилеген.