Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылып, 1 196 жумуш орду түзүлдү

Экономика 31 октябрь 2025 16:06
Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылып, 1 196 жумуш орду түзүлдү
copyright icon WWW

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Үстүбүздөгы жылдын 9 айынын ичинде Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада 1 196 жумуш орду түзүлгөн.

Ишканалардын ачылышы менен жалпы 5 млрд 46 млн сомдон ашуун инвестиция өздөштүрүлдү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 3 млрд 117 млн сомго көп инвестиция тартылып, 2 ишканага көп ачылды.