9-августтан тартып "Манас" аэропортунун IATA-коду өзгөрөт

Коом Загрузка... 24 Июль 2025 15:26
524462589_1038628228431578_5591470628779288397_n.jpg
copyright icon Кыргызстан аэропорттору

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 9-августунан тартып расмий түрдө «Манас» эл аралык аэропортунун IATA-кодун өзгөрөт.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришкендей, азыркы FRU ордуна BSZ колдонулат.

Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 2025-жылдын 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.

Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.