Бишкек, 09.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 9-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Баткен облусунда +31...+36, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын облусунда +27...+32 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын температурасы +34...+36 градуска жетет.