9 айда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү

Экономика Загрузка... 31 Октябрь 2025 18:09
88.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. 2025-жылы 9 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча жалпы керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 9 айдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал эми республикада жалпысынан 11,3 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү, анын ичинде:

  • ири ГЭСтерден – 9,7 млрд кВт/с;
  • чакан ГЭСтерден -0,18 млрд кВт/с;
  • кичи ГЭСтерден - 0,16 млрд кВт/с;
  • Жылуулук электр борборунан - 1,3 млрд кВт/с;
  • күн элект станциялардан - 0,7 млн кВт/с.

Андан тышкары, Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн 2,7 млрд кВт/с электр энергиясы импорттолду.