87-мектептеги окуя. Директор тартиптик жазага тартылып, мугалим иштен бошотулду

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 23:09
WhatsApp Image 2026-01-16 at 17.54.41.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бишкектеги №87 мектептин директору тартиптик жазага тартылып, ал эми мугалим ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим №87 мектептеги текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин кабыл алынды.

Билим берүү департаменти тарабынан түзүлгөн атайын комиссия мыйзамдардын талаптарынын одоно бузулушун аныктады.

Атап айтканда, "Балдар жөнүндө" кодексинин, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын, "Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө" типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес.

Мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт.

Мэрия балдардын укуктарын сактоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Билим берүү департаментинин туруктуу көзөмөлүндө турарын белгиледи.

Эске салсак, социалдык тармактарда мугалим сабак учурунда окуучуга кол көтөрүп, урушкан видео тараган.