8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт

Экономика 29 май 2025 18:12
8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. 8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, “Казакстан темир жолу” ишканасынын 2025-жылдын 23-майындагы буйругуна ылайык, дан жүктөрүн ташуу - 55 пайызга чейин, мунай зат жүктөрүн ташуу - 20 пайызга чейин, башка жүктөрдүн түрүн ташуу - 50 пайызга чейин төмөндөтүлөт.

Белгилей кетсек, апрель айында жүктөрдү Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен ташууда тарифтерди төмөндөтүү маселеси боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн.

Анда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынан чыккан/кирген жүктөрдү Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик ташууда бирдиктүү тарифтин деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө макулдашууларга жетишилген.