8-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 11 08 Август 2026 10:30
732463871_3892539330889237_6398763195032714793_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 8-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Талас облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +24...+29 градус болот.

Борбор калаада абанын табы +33...+35 градуска жетет.