Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Ушул жылдын сегиз айында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 243 млрд 51,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 млрд 332,5 млн сомго көп.
Анын ичинде республикалык бюджетке 165 млрд 234,7 млн сом түшкөн. План 104,6 пайызга же 7 млрд 261,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 млрд 500,3 млн сомго көп (өсүү темпи 140,3%).
Жергиликтүү бюджетке 24 млрд 817,6 млн сом жыйналган. План 109,1 пайызга же 2 млрд 66,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3 млрд 625,4 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 117,1% ды түздү.
Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 1 млрд 259,4 млн сомго, тактап айтканда 102,4 пайызга ашыгы менен аткарылып, 52 млрд 999,4 млн сом чогултулган. Бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 4 млрд 207,5 млн сомго көп, өсүү темпи 108,6 пайыз.