8 айда Салык кызматы 165,2 млрд сом салык чогулткан

Экономика Загрузка... 03 Сентябрь 2025 09:00
535096526.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын сегиз айында Мамлекеттик салык кызматы 165,2 млрд сом салык чогулткан. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, натыйжада план 9,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган.

Ал салыктык түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 млрд сомго өскөндүгүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев Салык жана Бажы кызматтарына бюджеттин аткарылышындагы жетишкен жыйынтыктары үчүн ыраазычылык билдирди.