8 айда Баткен облусуна бюджеттен 366,1 млн сом бөлүндү

Экономика Загрузка... 17 Сентябрь 2025 10:20
491732311_3543497559292695_8466315660755382315_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын 8 айына карата Баткен облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 366,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 221,7 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7 млн сом;
  • электр энергияга 50 пайыз компенсация – 54,4 млн сом;
  • калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 39,9 млн сом;
  • муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 29,2 млн сом бөлүндү.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 13,9 млн сом бөлүнүп берилди.