Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча активдүү иштер улантылууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколу боюнча өз милдеттерин аткарат.
“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга ылайык, акыйкатчы кайсы убакта болбосун кармалгандарга, алдын ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, 2024-жылы акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрилигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн.
Алардын жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшүп, анын 36сы кыйноолорго байланыштуу болгон.
Анын негизинде укук коргоо органдарына 36 көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.
Ал эми 2025-жылдын 8 айында кыйноолор боюнча 39 арыз келип түшкөн.
Белгиленгендей, институттун ыйгарым укуктарынын кеңейүүсү жана анын укуктук макамынын бекемделүүсү кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын алдын алуу боюнча ишти күчөтүүгө мүмкүндүк берет.