Ташкент, 06.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–август айларынын аралыгында 10 миңден ашуун Кыргызстандын жараны дарылануу үчүн Өзбекстанга барышкан. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Бул мезгил ичинде Өзбекстанга жалпы 62 миң 54 чет өлкөлүк жаран медициналык жардам алуу максатында келген.
Дарыланууга келгендердин көбүн коңшу өлкөлөрдүн жарандары түзөт. Алардын арасында Тажикстандан келгендер эң көп — 44 миң 209 адам. Кыргызстандан 10 миң 427, ал эми Казакстандан 5 миң 483 бейтап келген.
Мындан тышкары, Россиядан — 1 миң 280, Афганистандан — 343, Түркмөнстандан — 204 бейтап келген. Ал эми Түркиядан — 31, АКШдан — 11, Кытайдан — 10, Украинадан — 9 жана башка мамлекеттерден дагы жалпы 47 адам Өзбекстанга дарылануу үчүн барышкан.