700 га жер сугат суу менен камсыз болот. Түптө насостук станция жаңыланды

Аймак Загрузка... 05 Ноябрь 2025 10:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Түп районуна караштуу Бирлик айылындагы эскилиги жеткен насостук станция жаңысына алмаштырылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эми айылдагы айдоо аянттарын сугарууда көйгөйлөр жаралбайт.

Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.

Жаңы курулган станция ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, учурда объектиде аз гана аткарыла турчу иштер калган. Насостук станцияны келерки жылдагы сугат иштерине даярдоо кызуу жүрүүдө. Анын ишке кириши менен айылдын 700 гектардай жер аянты сугат суусу менен камсыз болот.  

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12 пайыз) аткарылган, 360 иш-чара (88 пайыз) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60 пайыз) жана таза суу маселелерине (23 пайыз) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.