Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

Коом 6 октябрь 2026 09:30
a2bd9ec3-add8-4030-930a-df3c9b411423.jpeg
9e4f5b76-3d30-4be3-aa43-34b43ea1deb0.jpeg
Алдыга
Артка
a2bd9ec3-add8-4030-930a-df3c9b411423.jpeg
9e4f5b76-3d30-4be3-aa43-34b43ea1deb0.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 7-октябрда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жана социалдык объектилеринде, ошондой эле өнөр жай ишканаларында токтотулат.

Суу убактылуу өчүрүлө турган аймак Чүй проспектиси, Ибраимов, Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрү менен чектелет.

Мэриянын маалыматына ылайык, суу берүү диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муницшаар тургундарын жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.