Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 7-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында +32...+37, Талас облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +25...+30 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градуска көтөрүлөт.