7 айдын жыйынтыгында экономиканын өсүшү 11,7 пайызды түздү – Амангелдиев

Экономика Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:55
3098815.0c5b65bc72d.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасынын өсүшү 11,7 пайызды түзгөн.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Экономиканын орточо өсүү темпи 9 пайыздын тегерегинде болгон. Жети айда ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 860 млрд сомго жетип, ал эми экономканын өсүшү 11,7 пайызды түздү. Негизинен көрсөткүчтөр жаман эмес, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 8 пайыз болгон.

“Акыркы жылдары өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү көбөйүп, жети айдын жыйынтыгы боюнча 11,4 пайыз жыйынтык көрсөтүлгөн. Курулуш тармагында жогорку өсүү байкалып, 38 пайызга жакынды түздү. Бул албетте, президенттин “Менин үйүм” программасы жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү менен байланыштуу. Менин оюмча жарандар өлкө боюнча жүрүп жаткан курулуш, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көрүп жатышат.

Өздүк капиталга инвестиция 7 айда 141 млрд сомдон ашып, өсүш 33,4 пайыз болду. Бул өтө олуттуу жана эбегейсиз чоң көрсөткүчтөр. Инвестициялардын бир бөлүгү ички булактардын эсебинен камсыздалган. Алардын өсүшү 52 пайызды түздү. Бул бизнес жана калк биздин экономикага ишенип, өнүгүүгө инвестиция салып жаткандыгын билдирет. Бүгүнкү күндө экономикалык чөйрөдө абал абдан жагымдуу деп ойлойм. Калктын реалдуу кирешелери өсүүдө. Мындан тышкары, керектөө да өсүп жатканын көрүп жатабыз, бул албетте ички суроо - талаптын көбөйүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат", - деди Амангелдиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат көрсөтүү чөйрөсү өлкө экономикасында негизги орунду ээлей тургандыгын баса белгиледи. Чекене сооданы 23 пайызга жакын көбөйүшүнүн эсебинен Кыргызстандын экономикасы сервистик экономикага айланууда. Транспорт тармагы жакшы жыйынтык көрсөтүп, жүргүнчүлөрдү ташуу 9 пайызга өстү. Олуттуу өсүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө байкалууда: мейманканалар, ресторандар – 29 пайыз.

"Бул өтө олуттуу көрсөткүч. Менин оюмча бул туризм тармагынын жанданышына байланыштуу. Белгилүү болгондой, президент кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл бурууда. Президенттин Иш башкармалыгына өлкөдөгү бардык эс алуучу жайларды реконструкциялоо тапшырмасы берилди", - деди ал.