7 айда талапка жооп бербеген 445,3 тонна жүк өлкөгө киргизилген жок

Коом 20 август 2025 10:43
518255184_122184296570341273_4336952369585521554_n.jpg
534602344_122184296564341273_1282455624651453672_n.jpg
535766197_122184296642341273_5484789621846956131_n.jpg
535958634_122184296576341273_4791009507351821970_n.jpg
Алдыга
Артка
518255184_122184296570341273_4336952369585521554_n.jpg
534602344_122184296564341273_1282455624651453672_n.jpg
535766197_122184296642341273_5484789621846956131_n.jpg
535958634_122184296576341273_4791009507351821970_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. 7 айда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 29 учур катталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 445,3 тонна жүк артка кайтарылды. Анын ичинде 70 515 көчөт жана 11 387 даана гүл аныкталган.

Анын ичинен:

  • Казакстандан — 193,9 тонна;
  • Россиядан — 69 тонна;
  • Өзбекстандан — 80,82 тонна 70 515 даана көчөт;
  • Кытайдан — 26,13 тонна 8050 даана гүл;
  • башка өлкөлөрдөн — 41,5 тонна 3337 даана гүл.

Фитосанитардык талаптарды бузган карантиндеги жүктөргө карата тиешелүү чаралар көрүлүп, кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине нота жиберилген.