7 айда Кыргызстандын 1,8 миллиондон ашык жараны Өзбекстанга барды

Коом Загрузка... 25 Август 2025 17:05
a_28_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын алгачкы жети айында Өзбекстанга 1 млн 800 миңден ашуун кыргызстандык барды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.

Аталган мезгилде Өзбекстанга жалпы 6 млн 300 миң чет элдик меймандар келген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда алардын саны 2 миллион 100 миң кишиге көбөйүп, өсүш 48,9 пайызды түздү.

Эң көп каттагандар арасында Кыргызстан (1 846 030 киши) биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Казакстан (1 466 535), Тажикстан (1 441 618), Россия (536 849), Афганистан (267 485), Түркмөнстан (208 864), Кытай (103 158), Түркия (96 492), Индия (38 008) жана Корея Республикасы (25 057) орун алды. Башка өлкөлөрдөн 289 миңден ашык киши келген.

Сапардын максаттары да ар түрдүү болду: туугандарын көргөндөр — 4 миллион 338 миңден ашык, эс алууга жана туристтик багытта баргандар — 949 миңге жакын, кызматтык сапар менен келгендер — 710 миңден ашык, соода-сатыкка байланыштуу келгендер — 255 миңден ашык, дарылануу үчүн келгендер — 54 миңден ашык, ал эми окууга келгендер 10 миңден ашты.

Буга чейин 2025-жылдын алгачкы жети айында 2 миллионго жакын Өзбекстандын жараны Кыргызстанга турист катары барганы маалымдалган.