690 сомдон ашпашы керек. Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 17 январь 2026 10:10
615350058_1988996205300967_306079797618263408_n.jpg
616372715_1988996298634291_4275174598531186840_n.jpg
615486019_1988996241967630_6848682792805472118_n.jpg
616024498_1988996201967634_7556456433209782369_n.jpg
616953272_1988996251967629_1505175486830603483_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугу жана бааларга көзөмөл күчөтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле эт азыктарынын бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алып-сатарлыкка жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар улантылууда.

Социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ тарабынан Сузак районунда эт саткан соода түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эттин баасы 680–690 сомдун чегинде гана сатылышы керектиги эскертилди.

Жыйынтыгында бааларды негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлдү.