Бишкек, 05.04.26 /Кабар/.Күн мурун Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда аял киши эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөнү маалым болду.
Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 1999-жылы туулган Э.А. алган жаракаттарынан улам дароо каза тапкан. Ошондой эле анын 1 жаштагы кызы К.А. ооруканада чарчаган. Ал эми 5 жаштагы кызы Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Бул окуяга боюнча тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү фактысы аныкталган. Ага ылайык, Кылмыш жана жаза кодексинин (өз жанын кыюуга жеткирүү) 128 менен кылмыш иши козголгон.
1992-жылы туулган М.А. кылмышка шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.