6-июнда айт намазы мечиттерде окулат

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 08:55
c2272e01-21fb-45fe-8c2e-f4fa4fa5dcbb.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. 6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.

Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат.

Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.