6-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 10:12
734008781_3892539367555900_4019131758814132327_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 6-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда +20...+25 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градусту көрсөтөт.