6-апрелде Бишкекте велосезондун ачылышы өтөт

Спорт Загрузка... 04 Апрель 2025 17:38
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. 6-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.

Финиш “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Анда спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары уюштурулат.

Веложүрүш өтүүчү маршрут – Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.