Жерлерди мыйзамсыз транформациялаган. Ошто Кадастрдын кызматкери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 24 Ноябрь 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-11-24 at 10.52.12 (1).jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу филиалынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орун басар Ш.К.С. жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн жалпы аянты 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан айрым кызмат адамдары менен 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.

20-ноябрда Ош шаардык соту Ш.К.С.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.