Депутат Энергетика министрлигин сынга алды - 50 сом карыз үчүн светти өчүрүшөт

Коом Загрузка... 24 Сентябрь 2025 12:29
2426397_ZtGTfiG.3bb2566e897.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Энергетика министрлигинин карызы барлардын жарыгын массалык өчүрүү аракетин сынга алды.

Депутаттын айтымында, 50-100 сом карызы барлардын дагы жарыгын өчүрүшүүдө.

"Жеке кабинет ачылбай, система эсеп блоктолгонун көрсөтүп жатат. Коомчулукта сиздердин системаңыздарды бузуп киришкен деген сөздөр чыгууда. Эмне болуп жатат?",- деп суроо салды Сурабалдиева ведомствонун өкүлүнө.

Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов ай сайын дебитордук карызы тууралуу маалыматтардын негизинде алардын жарыгын өчүрүү жүргүзүлө турганын билдирди.

"Карызын төлөгөндөн кийин биз кайра жарыкка туташтырабыз. Биз суммасын карабайбыз, болгону бир айлык карыздын бар-жоктугуна гана карайбыз", — деп түшүндүрдү ал.

Чиновник акыркы эки күндө техникалык мүчүлүштүктөр чындап эле болгонун моюнга алып, бирок жыйын учурунда бардык сервистер штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.