Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Акыркы 5 жыл ичинде Кумтөр кени мамлекетке 1 млрд доллардан ашык киреше алып келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр буга чейин, тактап айтканда 30 жыл аралыгында болгону 100 млн доллар гана киреше алып келген.
"2021-жылдан 2025-жылга чейин, болгону 5 жыл ичинде биз Кумтөрдөн 1 млрд доллардан ашык пайда таптык. Бул сандар мурдагы бийликтин мамлекеттин байлыгын кандай масштабда талап-тоноого жол бергени тууралуу ачык далил. Себеби, түздөн-түз көмөктөшүп, өздөрү дагы кирешинин бир бөлүгүн алып турушкан", – деди Ташиев.