5 жылда 3000 чакырым жол. Кыргызстандын жол тармагы кандай өнүгүүдө?

Коом Загрузка... 25 Март 2026 17:40
621911377_120559565.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Жолдор адамдарды жана жүктөрдү ташуу, аймактарды байланыштыруу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн аба менен суудай эле зарыл десек болот. Жол инфраструктурасынын өнүгүшү калктын жашоо сапатын жакшыртып, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Эгемендүүлүк алган жылдары жол куруу жана жол тармактарын жакшыртуу тармагындагы абал өтө начар эле. Жыл сайын жаңы жолдорду куруу жана оңдоо иштеринин жалпы көлөмү 200 –300 чакырымдан ашкан эмес.

Бирок 2020-жылдан кийин баары өзгөрдү, Кыргызстанда жол куруу жогорку темпти көрсөтүүдө, жыл сайын курулган жолдордун узундугу көбөйүп жатат. 2021-жылдан тартып мамлекет бул тармактагы ири долбоорлорду ыкчам темпте ишке ашырууга киришти.

Жол куруу тармагында кескин өсүштөр болду:

2021-жыл — 175 км,
2022-жыл — 488 км,
2023-жыл — 673 км,
2024-жыл — 802 км,
2025-жыл — рекорддук көрсөткүч: 1545 км.

5 жыл ичинде 3000 чакырымдан ашык жол салынып жана оңдолду, анын ичинен 2400 чакырымдан ашыгы асфальтталган. Сандар көрсөткөндөй, 2020-жылдан кийин жол куруу тармагында тез өсүү байкалууда.

DST_9985.width-800

Буга биринчиден, каржылоонун кескин көбөйүшү өбөлгө түздү, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар көбөйүп, инвестициялар тартыла баштады. Инвесторлор үчүн жол инфраструктурасына каражат салуу пайдалуу боло баштады. Экинчиден, учурда Түндүк–Түштүк жолу, альтернативдүү трассалар жана башка ири стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Үчүнчүдөн, эл аралык коридорлорду активдүү реконструкциялоо жүрүп жатат. Акыркы жылдарда стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу басымдуулук кылууда.

Азыр бул тармак экономиканын негизги жана тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп калганын ишенимдүү түрдө айтууга болот.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, сапаттуу автожолдор курулган жерде байланыш жанданып, соода жана экономика өсөт, туризм өнүгөт жана элдин жашоо деңгээли жогорулайт.

“Кайсы жерде жаңы жол салынбасын же оңдолбосун, ал жөн гана аймактарды байланыштырган инфраструктура эмес, адамдардын ортосундагы байланыштарды, алардын биримдигин чыңдоонун каражаты, ошондой эле мамлекетибиздин келечектеги өнүгүүсүн аныктаган маанилүү фактор болуп саналат”, - деп айткан өлкө башчысы.
BEK_4306.width-800

Ошондой эле президент жол тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, олуттуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилейт. Маселен, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

2022–2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен 750 даана жол техникасы сатып алынды. Анын ичинде автогрейдер, битум ташуучу унаа, бульдозер, экскаватор жана башка техникалар бар. Алынган техникалар өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлүп, жол иштеринин темпин жогорулатууга жана тышкы подряддык уюмдарга болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түздү.

Транспорт министрлигинин былтыр аткарган иштери жана 2026-жылга коюлган пландары

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Кабар” агенттигине өткөн жылы аткарылган иштер жана быйылкы жылга карата пландар тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылы төмөнкү иштер аткарылды:
Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа (33,3 км), Ош — Баткен — Раззаков (28 км) жана Түп — Кеген (52 км) жолдору ачылды. Президенттин тапшырмасы менен Баткен облусундагы бийик тоолуу Зардалы айылына чейинки жолдун курулушу аяктады. Мындан тышкары, кыска мөөнөттө Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү жаңыланды.

BEK_4332.width-800

2026-жылга пландалган иштер:

Республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду салуу иштери улантылат:

  1. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол,
  2. Нарын — Баетов,
  3. Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров,
  4. Сафаровка — Барпы.

Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунда кошумча 5 курулманын курулушу уланууда. Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги Барскоон — Бедел жолу, Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу, ошондой эле артыкчылыктуу жолдор: Лебединовка — ГЭС-5, Бишкек — Кант, Арашан — Чуңкурчак, Бишкек — Күнтуу — Шопоков жолдору боюнча иштер жүрөт.

624686642_1205595145082563_7716967242437951739.width-800

Ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында төмөнкү иштер улантылууда:

• “Суусамыр — Талас — Тараз” автожолун реконструкциялоо (IV фаза) — 93 км;
• Корумду — Балбай баатыр тилкеси — 79,3 км;
• Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки тилке — 75 км.

Быйылкы жаңы долбоорлор:

• Профсоюз көчөсү — 8,5 км, жаңы Ош базарына баруучу жол — 8,7 км;
• Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу — 15 км;
• Ак-Суу районундагы Боз-Учук — Жыргалаң жолунун 14,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө;
• “Жыргалаң” тоо-лыжа базасына (“Ала-Тоо Резорт”) альтернативдүү жолду долбоорлоо жана куруу — 8,5 км, ошондой эле технологиялык жолдор;
• Жети-Өгүз — Койсары (Жети-Өгүз курорту) жолунун 15 км бөлүгүн реконструкциялоо;
• Тамдык — Кишемиш — Донон — Булак-Башы (51 км) жолун долбоорлоо жана куруу.

5314255098424793133.width-800

Ысык-Көлдүн түштүк айланма жолунун курулушу кайсы этапта?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол (0–141,6 км) автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча маалымат берди.

Белгиленгендей, учурда 0–25 чакырым тилкесинде курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Жакынкы убакта бул тилке пайдаланууга берилет.

Жолдун калган 25–141,6 чакырым аралыгын куруу иштерин толугу менен ушул жылы аяктоо пландалууда. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушу быйыл толук бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, быйыл бекитилген долбоорлор боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган, ал эми Мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен 700 чакырым жол салуу пландалууда.