Бир учурда 5 жумушту аткарат: Араванда картошка жаңы техника менен эгилүүдө

Аймак Загрузка... 09 Март 2026 14:50
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Араван районундагы "Бирлик" үрөн чарбасы жаңы техника менен картошка эгүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул техника талаада 5 жумушту бир эле учурда аткара алат. Ал дыйкандардын ишин жеңилдетип, талаа иштерин натыйжалуу жана ыкчам жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңы техниканын негизги өзгөчөлүктөрү:

  • отоо чөптөргө каршы дары чачып, түшүмдүн сапатын жогорулатат;
  • картошканы 90 см аралыкта бир нече жөөккө эгип, эффективдүүлүктү арттырат;
  • тамчылатып сугаруу системасына ылайык шлангды орнотуп, суунун үнөмдөлүшүн камсыздайт;
  • жер семирткичти себет аркылуу чачып, топурактын азыктанышына көмөк көрсөтөт;
  • полиэтилен пленкасын жаап, топуракты коргойт жана нымдуулукту сактайт.
"Эгер быйылкы жылы жаңы техника өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, келерки жылы бул технология башка дыйкандарга да сунушталат", — деп айтылат маалыматта.