5-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 09:55
731350365_3892506967559140_1031535438960228819_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+32, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Баткен облусунда +30...+35, Талас облусунда +26...+31, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +35...+37 градуска жетет.