480 миң сом алган. Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси кармалды

Укук тартиби Загрузка... 31 Октябрь 2025 16:30
574891597_1328990615675421_3385812388713079045_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Сот системасынын кызматкерлеринин арасындагы коррупцияны аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКга Жайыл райондук сотунун судьясы жана мурдагы аппарат жетекчиси Д.А.К.нын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн.

2023-жылдын ноябрь айында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, соттолуучу А.Д.М. аттуу жарандын бир тууганы Ю.М.М. аттуу жарандан соттун оң чечимин чыгарууга жардам берүүнү убада кылып, 10 миң доллар опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

2023-жылдын ноябрь айында Ю.М.М., Д.А.К.га А.Д.М.нын иши боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн макулдашылган сумманын бир бөлүгү катары 480 миң сом берген. Бирок, алар каалаган өкүм чыгарылган эмес жана айыпталуучу соттолгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.К. кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.