Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, апрель айында Сокулук райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1963-жылы туулган З.Н. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Ал ишенимге кирип, Маловодное айылындагы үйүн саттырып, акчасын алып из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү З.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө З.Н. аттуу жаран жалпы суммасы 4 млн 678 миң сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган. Учурда бул жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жок экендиги текшерилүүдө.
Тергөө иштери уланууда.