4,3 млн кубдук суу сактагыч курулууда: Тоңдо 800 га жаңы жер өздөштүрүлөт

Аймак Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 17:15
747799755_2212344066359751_7730971261751526760_n.jpg
747736555_1782328079849953_5418939684688453383_n.jpg
747881732_1752753569076889_7657079206090626216_n.jpg
748053524_1584239576466136_1452876059729861012_n.jpg
748499537_2530081697437164_6174348169516749696_n.jpg
749010311_2256409985179969_6344369237307966899_n.jpg
749286932_2409702472850414_5972514147009260292_n.jpg
749355338_1697052128232168_5431442890973336097_n.jpg
750439592_3496745077169980_534777122737782161_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев Тоң районуна жумушчу сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын алкагында жетекчи аймактагы коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, андан соң Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулуп жаткан Үч-Коргон суу сактагычынын курулуш аянтына барды.

Суу сактагыч Тоң дарыясынын вегетациялык эмес мезгилдеги агымын натыйжалуу пайдаланууга жана аймактагы дыйкандарды сугат суу менен туруктуу камсыздоого багытталган.

"Долбоордун алкагында 4,3 млн куб метрди түзгөн сезондук жөнгө салуу бассейни курулуп, анын аркасында 817 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Ошондой эле 4113 гектар сугат жердин суу менен камсыздалышы кыйла жакшырат", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын жыйынтыгында Алмаз Жээналиев курулуш иштеринин сапатына жана анын белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жооптуу адистерге тиешелүү тапшырмаларды берди.