Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бишкекте "Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026" эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашык компания катышууда. Мында энергетика тармагындагы акыркы технологиялар, жабдуулар жана инновациялык чечимдер сунушталып жатат.
Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар ишкердик жолугушууларды өткөрүп, жаңы өнөктөштүктөрдү табууга мүмкүнчүлүк алышат, мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду талкуулашат.
Көргөзмө энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды, ири энергетикалык компанияларды, инвесторлорду, долбоорлоочу жана өндүрүштүк уюмдарды бир аянтчага чогултуп, тармактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.
"Кабар" агенттиги көргөзмөдөгү экспозициялардын сүрөттөрү менен бөлүшөт.