400 түтүндү электр энергиясы менен камсыздайт. Аксыда чакан ГЭС курулууда

Аймак Загрузка... 24 Сентябрь 2025 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Сапат электро" ЖЧК

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Быйыл 128 өндүрүш ишканасын ишке берүү мерчемделген. Учурда алардын басымдуу бөлүгү ишке кирип, айрымдарынын курулушу уланууда. Анын катарында Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагындагы Авлетим жана Кара-Суу дарыяларынын кошулган жеринде курулуп жаткан бул чакан ГЭСтин кубаттуулугу 2.3 МВтты түзөт. Курулушу 2023-жылы башталган ГЭС ишке берилсе жергиликтүү калктын кошумча электр муктаждыктарын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.49.24 (2).jpeg

Чакан ГЭСтин курулушун жүргүзүп жаткан "Сапат электр" ЖЧКсынын директору Арген Сүйүмбек уулунун "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, ГЭСтин курулушу долбоорго ылайык 2023-жылы башталган.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.49.24.jpeg

"Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Негизинен курулуш иштерин үч бөлүккө бөлүп кароо керек. Учурда суу топтоочу жайдын курулушу 80 пайызга, каналдын курулушу 70 пайызга, ал эми ГЭСтин административдик имаратын куруу иштери 80 пайызга бүткөрүлдү.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.49.25 (1).jpeg

Ал эми чакан ГЭСтин долбоордук кубаттуулугу 2.3 МВтты түзөт. Бул болжол менен 350-400 түтүндү электр жарыгы менен камсыздай алат", - деди ал.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.49.26 (2).jpeg

Сүйүмбек уулунун айтымында, учурда болжол менен 30-40 жумушчу курулуш иштерин жүргүзүүдө.

"Ал эми ГЭС ишке киргенден кийин 10-15 жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот", - деген ал керектелүүчү бардык жабдыктар Кытайдан алып келингенин белгиледи.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.49.26.jpeg

Ошондой эле компаниянын жетекчиси долбоордун инвестициялык көлөмү 2,4 млн долларды түзөрүн кошумчалады.