Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. 2022-жылы ишке киргизилген социалдык контракт долбоору жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы билдирди.
Анын айтымында, жакырчылык чегинен төмөн жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракттын катышуучусу боло алышат.
“2025-жылдын март айына чейин социалдык контракттын суммасы 100 миң сом болуп, 2022–2024-жылдары бул төлөмдү 32 миң 226 үй-бүлө алган. 2025-жылдын март айынан тартып президенттин колдоосу менен төлөмдүн суммасы 150 миң сомго көбөйтүлүп, ошол убактан бери 10 миң 185 үй-бүлө программанын катышуучусу болду. Алардын 70%дан ашыгы каражатты айыл чарбасына, өндүрүшкө, соодага жана кызмат көрсөтүү ишкерлигине жумшашкан. Бул каражатты ийгиликтүү ишке ашыргандар бар жана аларды андан ары колдоо максатында 2024-жылдан тартып мамлекеттик “Айыл банк” жана “Элдик банк” банктарын аркылуу 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берүү программасы киргизилген”,- деди ал.
Максат Туларбек кызы кошумчалагандай, пайыздык төлөмдөрдү мамлекет төлөп берет. Жарандар алгачкы үч айда эч кандай төлөм жүргүзүшпөйт.
“Бул мамлекет тарабынан абдан чоң жардам болуп саналат. Насыялар социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырып, жакшы долбоорлордун ээси болгон жарандарга берилет”,-деди ал.