Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Кемин районунда эки эт багытындагы тоок ишканасына ар 40 күн сайын 17 миңден балапан жеткирилет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул балапандар 40 күндө жетилип, союуга жана сатууга даяр болот.
Ошентип, фабрикада ар 40 күндө 40 тоннага жакын эт даярдалат. Долбоор былтыркы жылы декабрда башталган жана натыйжасы жакшы болууда.
Түркиядан алып келинген жана рост-308 тукумундагы тооктордун салмагы 2,9 кг чейин жетет. Бул өндүрүштүн эти жергиликтүү завод-фабрикаларга дүң баада сатылып, керектүү учурда экспортко да жөнөтүлөт.
Белгиленгендей, ишкана жергиликтүү экономиканы колдоого багытталган жана айыл чарба секторунда жаңы жумуш орундарын түздү. Тооктордун өндүрүшү санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөт, дары-дармек менен алдын ала камсыздалган. Бул долбоор айыл чарба кооперативдеринин, фермерлердин жана инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылууда, өлкөнүн эт менен камсыздуулугун жакшыртууга багытталган.