Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. 4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Бишкекте жолдун айрым тилкелеринде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет:
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин ("Манас" эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.