+38 градуска чейин ысык, жамгыр... Бул жумада Бишкекте кандай аба ырайы күтүлөт?

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 10:25
1747049818-130.2e16.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Бул жумада Бишкекте абанын температурасы кескин жогорулап, жуманын орто ченинде кыска мөөнөттүү салкын аба ырайы болуп, күн күнкүрөйт.

Абанын температурасы:

23-июнь, дүйшөмбү, күндүз: +35…+37 градус, түндө: +22…+24 градус ысык;

24-июнь, шейшемби күндүз: +36…+38 градус, түндө: +20…+22 градус ысык;

25-июнь, шаршемби күндүз: +35…+37 градус, түндө +17…+19 ысык болот;

26-июнь, бейшемби күндүз: +29…+31 градус, түндө: +17…+19 градус, күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт;

27-июнь, жума күндүз: +32…+34 градус, түндө: +16…+18 градус, жаан күтүлбөйт;

28-июнь, ишемби күндүз: +33…+35 градус, түндө: +18…+20 градус, күн ачык болот.

29-июнь, жекшемби күндүз: +33…+35 градус, түндө: +18…+20 градус, күн ачык болот;

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июнда дагы Бишкекте күн ачык болуп, ысык аба ырайы сакталат.